Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасында туруктуулук байкалууда


Оштун Кара-Суу базары
Оштун Кара-Суу базары

Борбор Азия аймагындагы экономикалык олку-солкулукка карабай, кыргыз экономикасынын өсүү темпи 7% жакын көрсөткүчтү түздү. 2015-жылдын башынан бери Кыргызстандын экономикасы туруктуу болгону Дүйнөлүк банктын жарым жылдык баяндамасында айтылат.

Инфляция былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 10,5 пайыздан 5,8 пайызга азайган.

Алтын өндүрүү 46 пайызга көбөйгөн. Ошол эле маалда жыл аягына чейин бул тармакта артка кетүү болот деген божомол бар. Анткени, чөлкөмдөгү экономикалык абал, улуттук валюта курсунун өйдө-ылдый болуп жатышы ички керектөө менен жеке инвестицияларга таасир этиши ыктымал. Натыйжада өсүш 2 пайызга ылдыйлашы мүмкүн. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG