Тизме чатагы сотто каралууда
Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда бүгүн “Республика Ата-Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан айрым талапкерлердин арызы каралууда. Тизмедеги талаш маселеден улам сегиз киши сотко кайрылган. Аталган партия менен парламентке ат салышып, бирок шайлоо өткөн соң тизмеден алынган онго жакын талапкер 16-октябрда Бишкекте митинг да өткөрүшкөн. Алар тизмеден чыгууга өз колдору менен арыз жазбаганын айтып нааразы болушкан. Партия жетекчилиги алар өз колдору менен арыз жазган деп ишендирүүдө.