Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34
Миң кырдуу дүйнө
Топоз кышта кол карабайт
17-Октябрь, 2015
Мирлан Кадыров
Ак-Сай жайлоосу топоз бакканга ылайыктуу болгондуктан жергиликтүүлөрдүн негизги каржы булагы болуп эсептелинет. Топоз 60 градус суука чыдап, 17 градус жылуу жерден жүдөп кетет. Топоз кышында кол карабайт. Анын негизги душманы - карышкыр.
1
27 жаштагы Данил Бейшеналиев беш жылдан бери Ак-Сайда топоз багат. Ал учурда элдин 130 топозунун ар бирин 150 сомдон багат.
2
Ак-Сай жайлоосу топоз бакканга ылайыктуу болгондуктан бир эле кишинин 500дөн ашык топозу бар.
3
Учурда топозго суроо-талап күч. Анткени көпчүлүк эл аны кышкы согумга соёт. Бир топоздун баасы 50 миң сомдон 70 миң сомго чейин болот.
4
Топоз кышында да курсагын талаадан тойгузат. Ал эми топоз баккан малчылар аны кайтарган аты үчүн гана тоют даярдашат.
5
Топоздун көңү көмүрдөй эле тап берет. Кышы бою топоз баккан малчылар үчүн бул табылгыс отун.
6
Ак-Сайдан жакынкы кыштакка чейинки аралык 100 чакырымдан ашат. Данил учурда машинеси бузулуп калгандыктан ат менен барып келет.
7
Ак-Сайда ичүүчү сууну беш чакырым алыстагы булактан ташып келишет.
8
Топозго алыстан гана көз салып койгон Данилдин күндүз колу бош.
9
Күндүн нурунан кубат алуучу аппарат жайлоодогулардын башкы шайманы. Анын жардамы менен телевизор көрүп, музыка угушат.
10
Данилдин келинчеги Гүлзаттын ашканасы
11
Учурда тоодо карышкыр күч болуп жаткандыктан кечкисин топоздорду короого айдап келишип камайт. Данил жайдан бери төрт топозун карышкырга жедирген.
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
КАРАҢЫЗ
Жазылыңыз
Топоз кышта кол карабайт
Сунуш кылынган арга.
Түркмөнстанда бийликти сындаган жалгыз журналист ооруканага мажбурлап жаткырылды
Back to top
XS
SM
MD
LG