Нургазы: Эми такыр мектептен калбайм
Кочкор районундагы Ак-Учук айылынын тургуну Жакшылык уулу Нургазынын апасы былтыр “Азаттыкка” жардам сурап кайрылган. Кабарчыбыз Нургазы менен жолукканда ал квадроцикл сатып алуу кыялын билдирген. Анткени ал өз алдынча баса албагандыктан 9-класска чейин иниси Дастан мектепке арабада сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Эми майып окуучу ошол көксөгөн тилегине жетип отурат. Нургазыга “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду демөөрчү таап, кыялындагы квадроциклди сатып берди. Нургазы быйыл сентябрдан бери мектепке бара албай жүргөн, эми квадроцикл менен өз алдынча бара алат.
Чыгарылыштар
-
Февраль 28, 2025
"Кенемте беришеби?". Жол үчүн бузулган үйлөр
-
Февраль 28, 2025
Кыргыз-тажик чек арасы: Достуктун тургундары эмне дейт?
-
Февраль 27, 2025
Чек аранын такталышы, баткендиктердин пикири
-
Февраль 27, 2025
Баткен: Өрүк базарын кызыткан өзбек кардарлары
-
Февраль 26, 2025
Абактагыларга алданып, ара жолдо калган кыздар
-
Февраль 20, 2025
Спорттун каарманы: Сыноого сынбаган Тилеген