"Ар-намыс" партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Абдрахманов шайлоо участкасында өзүн тизмеден таба албагандыктан добуш бере албай калган. Бул тууралуу Абдрахманов БШКга арызданганы келип айтты. Анын аты-жөнү Нарын шаарындагы шайлоо участкаларынын бирине катталып калганы аныкталды.