Бабанов: БШКнын чечими мыйзамсыз
Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоо тизмесинен чыгарып салды. Буга анын “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкерди сабап салганы негиз болгон. “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов 28-апрелдеги маалымат жыйынында БШКнын чечимин мыйзамсыз деп билдирди.