Соңку учурда кыз-келиндер арасында телесериалдардагы каармандар колдонгон зер буюмдар мода болууда. Мындан улам Жалал-Абадда жашаган зергер Алтын Молдалиевдин да түйшүгү көбөйгөн. Анткени ага өзгөчө кооз сөйкө, шакек жасаткысы келгендер күн сайын кайрылып турат.