Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

АКШ менен Орусиянын коргоо министрлери Сириядагы кырдаалды талкуулады


АКШ коргоо министри Эштон Картер
АКШ коргоо министри Эштон Картер

Эки өлкөнүн коргоо министрлери Эштон Картер менен Сергей Шойгу жума күнү телефондон Сирия жана Ирактагы кырдаалды талкуулады. Reuters агенттиги Пентагонго шилтеме жасап кабарлашынча, Картер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөш Сириядагы өткөөл саясий жараянга тоскоолдук кылбашы керектиги тууралуу айткан.

Орусиянын коргоо министрлиги министрлер эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин ортосундагы байланышты калыбына келтирип, сүйлөшүп-кеңешүүлөрдү мындан ары да улантууга макулдашканын билдирди.

Мунун алдында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Барак Обама Орусия менен Сирия боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү тездетүү абдан маанилүү кадам экенин белгилегенин айткан.

XS
SM
MD
LG