Өлкөдө “Карыларга кам көрүү” деп аталган бир айлык башталды. Анын алкагында улгайган адамдарга, жалгыз бой ардагерлерге гуманитардык жардам берилип, көңүл ачуучу оюн-зоок, концерттер уюштурулууда. Былтыркы жылы 96 өлкөнүн арасынан кары адамдардын жашоо-шартынын деңгээли боюнча Кыргызстан 49-орунду ээлеген. Бүгүнкү күндө өлкөдө жашаган улгайган адамдардын саны 408 400гө жетет. Сүрөттөгү улгайган кишилер Бишкектеги Биринчи Май райондук интернат-үйүнүн жашоочулары. Азыркы тапта карылар үйүндө 200 дөн ашуун адам жашайт. Булардын жарымынын көбүн төшөктө жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген карыялар түзөт.
Карылар үйүндөгү жалгыздык

21
Мария Орлова 10 жылдан бери интернатта жашайт. Эртеден-кечке бош отурган көрө деп кээде карыялардын кийимин үтүктөп бир аз да болсо тыйын таап алат.

22
Асылбек Карыпов үч ай мурун карылар үйүнө келген. Жалгыз иниси каза болгондон кийин келини менен бир үйдө жашоо кыйын болгонун айтты. Турмуштун айынан балдарына таарынган ата 15 жылдан бери алар менен да катташпайт.