Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Шайлоо күнү 7 миң жабдуу иштейт


Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова учурда Кыргызстанда 4 миң шайлоо жабдуусу бар экенин маалымдайт.

Жапония өкмөтү жана БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) көмөгү астында 3 миң даана Кыргызстанга алып келинсе, 2014-жылы өлкө миң даана шайлоо шаймандарын сатып алганын айтат.

Шаикованын маалыматында, сентябрь ичи дагы 3 миң даана шайлоого керектүү аппараттар Жапониянын көмөгү менен алып келинет. Жалпысынан шайлоо күнү Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкеси үчүн 7000 аппарат керектелет.

Кыргызстанда 2 миңден ашык шайлоо участкасы бар. Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (SDz)

XS
SM
MD
LG