Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Адвокат Жакыпбекова: Мырзакматовдун бүгүнкү соту мыйзамсыз


Бул тууралуу Мырзакматовдун адвокаты Чынара Жакыпбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Ош облустук соту коомчулукту жаңылыштыкка түртүүдө:

-Бүгүнкү сот мыйзам боюнча облустук сотто эмес, Жогорку сотто каралышы керек болчу. Мен сотторго ишенбестик көрсөтүп, Жогорку сотко кайрылгам. Бүгүн же башка күнү ошол жакта каралышы керек эле. Мага күчүнө кире элек мыйзамды көрсөтүшүп, алдап, мени да, коомчулукту да жаңылтырууда.

Жакыпбекова Мырзакматовдун ишине байланыштуу кылмыш иши боюнча сот чечими өтө кыска убакытта шашылыш кабыл алынганын, ошондой эле облустук соттогу Мырзакматовдун ишин караган үч кишиден турган соттук коллегия кандай гана суроо болбосун, кеңешүү үчүн залдан чыгып кетип атышканы процессуалдык нормаларды бузууга жатарын белгилейт. Адвокаттын айтуусунда, бул алардын жогорку жактагы кимдир бирөөнүн оозеки көрсөтмөсү менен иштеп жатканынан шек туудурат.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG