Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

"Таза оппозициялык кыймыл" уюму келерки шайлоону мыйзамсыз деп атоодо


Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамы жетекчиси менен кошо кайра дайындалып, шайлоо мыйзамдары өзгөртүлүшү керек. Бул тууралуу өзүн "Таза оппозициялык кыймыл" деп атаган уюмдун кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда айтылат. Уюмдун жетекчиси Назарбек Нышановдун бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "азыркы мыйзам жарандарды шайлануу жана шайлоо укугунан ажыратып, келерки парламент тигил же бул партияга мүчөлүгү менен капчыгына жараша гана тандалган депутаттардан куралганы жатат":

- Биометрикалык маалымат чогултуу жарандардын конституциялык укугун бузууда. Ал маалыматты кийин кимдин бирөө кандай максатта колдонуп кетерине эч ким кепилдик берген жок. Азыркы шайлоо мыйзамдары келечекте коорупциялык-олигархиялык-тоталитардык режимди мыйзамдаштырып берүүчү механизмге айланууда.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 30 саясий партия ат салышарын билдирди.

Бийлик жарандарды биометрикалык каттоого алууну быйылкы парламенттик жана 2017-жылкы президенттик шайлоонуну тазалыгын камсыз кылуучу негизги механизм экенин айтып келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG