Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

"Реформа" менен "Республика Ата-Журт" партиялары бирикти


Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Мирбек Асангариев жана Азамат Акелеев
Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Мирбек Асангариев жана Азамат Акелеев

Бүгүн Бишкекте негизинен жаш либералдардан турган "Реформа" жана "Республика Ата-Журт" партиялары биригүү келишимине кол коюшту. Ага ылайык, "Реформа" "Республика Ата-Журтка" кошулат жана өз талапкерлерин күзгү парламенттик шайлоодогу партиянын тизмесине киргизет. Биригүүнүн максаттары катары келишимге бардык жарандардын бирдей укуктарын сактоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу, экономиканы өнүктүрүү жана улуттук коопсуздукту сактоо айтылган. Андан сырткары келишимде экономиканы көмүскөдөн чыгаруу өзүнчө пункт менен белгиленген.

Биригүү тууралуу документке эки партиянын атынан Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Мирбек Асангариев жана Азамат Акелеев кол коюшту.

"Реформа" партиясы 2008-жылы түптөлүп, алгач “Тоскоолдуксуз жашоо үчүн” деп аталып келген. 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 8-орунду алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG