Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Кумтөрдүн жумушчулары өндүрүш кырсыктары жашырыларын айтууда


“Кумтөр” ишканасында мурда бульдозердин оператору болуп иштеп кеткен Рустам Абдуллаев “Азаттыкка” кайрылып, 2012-жылдын 12-июнунда өндүрүштө кырсыктаганын, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын текшерүүсү аны 2-топтогу майып деп тастыктаганын билдирүүдө. Анын айтымында, бул тастыктама боюнча Жогорку Соттун чечими да бар экендигине карабастан “Кумтөр” ишканасы бул чечимди тааныбай, ага компенсация төлөп берүүдөн баш тартууда. Ал “Кумтөр” ишканасы өндүрүш кырсыктарын жашырууга аракет кылып жатканын белгилейт.

“Кумтөр” ишканасынын басма сөз катчысы Мирлан Кимсанов жумушчу Рустам Абдуллаев инфаркт болгонун, бирок бул оору өндүрүш кырсыктарынын тизмесине кирбей тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Ал Абдуллаевге 2-топтогу майыптыкты берген медициналык-социалдык эксперттик комиссия толук кандуу экспертиза жүргүзбөстөн чечим чыгарганын билдирүүдө.

“Кумтөр” ишканасы бул чечимди жокко чыгаруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылган. Бирок Жогорку Сот арызды канааттандырган эмес.

Мирлан Кимсанов ишканада өндүрүш кырсыктары жашырылат деген айыпты четке кагып, ар бир кырсык так каттоодон өткөрүлөрүн билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG