Атынчалар көп аял алууга кандай карайт?
Исламга терең берилип, жоолук салынып жүргөн аялды түштүк тарапта "атынча" деп аташат. Миңдеген атынчалар өздөрүнүн укуктарын коргоо, кайрымдуулук кылуу жана жаш кыз-келиндерди турмуш курууга даярдоо максатында атайын уюмдарды түзүшкөн. Ош шаарындагы мына ушундай уюмдардын бирөө "Ыйман-бакыт" аялдар коому болуп эсептелинет. Бул уюмдун жетекчиси Жапашова Жамиля "Азаттыктын" бир катар суроолоруна жооп берди.