Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка экинчиси курулат


Оштогу эстакада көпүрөнүн курулушунан ашкан 120 млн. сомго дагы бир көпүрө курулушу пландалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди. Анын айтымында, калаанын түштүк-чыгышы менен түштүк тарабындагы эки районду бириктире турган дагы бир көпүрө октябрь айында курула баштайт. Анын узундугу 36, туурасы 24 метр болот.

Шаардык төрөткана жайгашкан район менен Оштун студенттик шаарчасын бириктирчү жолдун жалпы узундугу 800 метр. Жаңы жолду курууда эки жеке турак жай көчүрүлөт. (YI)

XS
SM
MD
LG