Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Шайлоочулардын тизмесин тактоодо талаш чыкты


Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча пикири кайчы чыгууда. Бул бүгүнкү БШКнын отурумунда белгилүү болду.

Комиссия төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоочуларды БШКдагы тизме менен тактоо керектигин белгилейт.

“Каттоо кызматы тизмени жарандардын каттоосуна карап түзүшкөн. Ал боюнча шайлоо өткөрсөк, добуш берүүгө келгенде жарым миллиондон ашуун эл келип, шайлоо дареги боюнча добуш беребиз деп чыгышат. Биздин тизме жарандардын учурда жашап жаткан жери боюнча түзүлгөн. Аны негиз кылып алып, биометрикалык маалыматтарды да ошол жакка кошуу керек”, - деди Абдраимов.

Ал эми каттоо кызматынын жетекчилиги шайлоочуларды БШК берген тизме боюнча тактаганын айтууда. Мындан тышкары, ар бир жаран жашаган дареги боюнча добуш бере аларын, ал үчүн шайлоого 15 күн калганга чейин арыз менен жергиликтүү шайлоо тилкелерине кайрылышы керектигин кошумчалашты. (МТо)

XS
SM
MD
LG