Келишим макулдашылганын Батыш жана Иран дипломаттары айтышууда. Жүз барак документ Ирандын ядролук программасын кыскартуунун жана анын ордуна эл аралык санкцияларды алып салуунун жол-жобосун камтыйт.
АКШ президенти Барак Обама Ирандын ядролук программасы боюнча корутунду келишим жетишилгенден кийин "Жакынкы Чыгышта ядролук куралды жайылтууну токтоттук" деп, келишимдин артында эл аралык коомчулуктун кепилдиги турганын белгиледи.
Обама келишим Ирандын ядролук программасын чектебейт дегенди билдирбейт деп, анын шарттарын бузуу жоопкерсиздикке жатарын айтты.
Ирандын ядролук программасына байланыштуу 10 жылдан ашык убакыт созулган сүйлөшүүлөр 14-июлда марасына жетти. Келишимди иштеп чыгуу мөөнөтү 30-июндан бери үч мертебе узартылган эле. Тегеран жана алтылык макулдашкан келишимге ылайык, Иран ядролук программасын кыскартып, өлкөгө каршы эл аралык санкцияларды токтотууга тийиш. Алтылыкка БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.
Келишимди Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини эл аралык кызматташтыкта “жаңы баскычка жол ача алат” деп баалады. Бул "эки жак тең уткан тарыхый келишим" деди Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.
Келишимден башка да Ирандын мурдагы ядролук активдүүлүгүн иликтөө үчүн Улуттар Уюмунун атомдук энергия агенттиги - МАГАТЭ менен Иран “жол картасы” деп аталган документке кол коюшту. Бул тууралуу агнттиктин башкы директору Юкия Амано жарыя кылды:
- Мен азыр эле Иран Ислам Республикасы жана МАГАТЭнин ортосундагы жол картасына кол койдум. Ал Ирандын ядролук программасына байланыштуу мурдагы жана ушул туштагы чоң проблемаларды аныктайт. Текстке Ирандын атынан өлкөнүн вице-президенти Али Акбар Салехи кол койду.
Аманонун айтымында, жол картасы 2013-жылкы ноябрдагы өтмө келишимдин негизинде Ирандын ядролук курал жасоого байланыштуу ишмердигин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин баалоого мүмкүндүк берет. Аталган келишимге жараша санкциялар жеңилдетилип, Ирандын ядролук программасы чектелген.
Ассошэйтед пресс агенттигинин дипломаттык булакка таянып, келишим Вашингтон-Тегеран арасындагы компромиссти да камтыйт деп жазып чыкты. Ал боюнча МАГАТЭнин инспекторлору Ирандын ядролук ишмердигине мониторинг жүргүзгөнгө удаа аскер объекттерин да текшере алат.
Ирандын баллистикалык ракеталарды өнүктүрүүсүнө каршы санкция сегиз жылдан кийин гана токтотулат; БУУнун курал эмбаргосу дагы беш жыл күчүндө болорун Ройтерс дипломаттарга шилтеп жазды.
Иран аскердик эмбаргонун тез алынышын каалаган. Анын мындай талабын Орусия дагы колдоду. АКШ баштаган Батыш мамлекеттери болсо курал эмбаргосун мүмкүн болушунча узак сактоого кызыкдар.
Сүйлөшүүдөгү башка бир талылуу суроо - санкцияларды токтотуу мөөнөтү жана Тегеран келишимди бузса, аны кайра киргизүү механизми болду.
Венада жетишилген келишимге жараша эгер келишимдин шарты сакталбаса, Улуттар Уюму санкцияны 65 күндүн ичинде калыбына келтире аларын Ройтерс агенттиги маалымдайт.
Тегерандын ядролук программасы 20 жылдан узак Батыш - Иран тирешүүсүнүн булагы болду. Тегеран программасы тынчтык максатын, анын ичинде электр энергиясын өндүрүүнү көздөйт деп ырастаса, Батыш, тескерисинче, Иран ядролук бомбага ээ болууга аракеттенүүдө деп кооптонуп жүрдү. Ушундан улам Ирандын уранды байытуусун чектөө максатында Улуттар Уюму төрт ирет Тегеранга санкция жарыялаган. Мындай кадамга АКШ жана Евробиримдик да барган. Бул чаралар Ирандын мунай-газ экспорттоосуна бөгөт коюп, экономикасына залакасын тийгизген. Өлкөнүн өзүндө Батышка нааразылык күчөгөн.
Ядролук келишимге Израил премьер-министри Б. Нетаньяху каршы. Себеби ал Ирандын мунай-газ кирешеси көбөйүп, региондо жана дүйнөдө агрессивдүү саясаты менен "террорчулугун активдештире" баштайт дейт.
АКШ Конгресси келишимге 60 күн арасында өз баасын берет. Ага дейре мыйзам чыгаруучулар президент Обамадан санкцияны жеңилдетпей турууну өтүнүштү.