Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19
Коом
Ысык-Көл: таштанды толгон жээк
14-Июль, 2015
Ысык-Көлдө жапайы пляждар быйыл да таштандыга толо баштады. Чок-Тал айылындагы жапайы пляждагы көрүнүш.
1
2
Бул жерде жылына 1,5 миңден ашык желим жана айнек бөтөлкө чогултулуп, бир мүшөк тамеки калдыктары жана башка таштандынын түрү жыйналат.
3
4
5
Жумушту айылдан өз ыктыяры менен барган активисттер аткарат. Алар жергиликтүү бийлик, экологдор жана башка тиешелүү кызматтар пансионаттардан тышкаркы жээкте иш алып барууну такыр токтотконун айтып нааразы.
6
7
8
Мындай көрүнүш көл кылаасындагы бак-дарактуу жапайы пляждардын дээрлик бардыгында орун алган. Токойлуу жээкте эс алгандардын айрымдары гана ордун тазалап кетпесе, көбү таштандыны бир жерге үйүп же чачып кетет.
9
Ал эми жаңы курулуп жаткан “Дем ал” пансионатына жакын жердеги жээкке жараксыз курулуш материалдары ыргытылып, таштанды жайы пайда болгон. Жергиликтүү тургундар мындан 4-5 жыл мурун бул токойлордо кыргоол көп болгонун, коен, түлкү, чөөлөр адамдардан коркпой жүрүшкөнүн айтышат.
10
11
Ал эми азыр жапайы жандыктардын бири көрүнбөйт, бак-дарактарды да кыйып кеткендер көбөйүптүр. Андыктан абалга азыр көңүл бурулбаса, жапайы жээктер ири таштанды жайларга айлануу коркунучу бар экенин айтышууда.
12
Ысык-Көл: таштанды толгон жээк
Сунуш кылынган арга.
Чехия Сенаты крым-татарлардын жапырт депортацияланышын геноцид катары тааныды
XS
SM
MD
LG