Үркүн: мемориалдын жерин кайтаргыла
Бишкекте 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарынын элесине арнап тарыхый эстелик орнотуу үчүн бөлүнгөн жерге мемориал тургузуу талабын койгон жарандык акция өттү. Кечээ кечинде шаардын "Түштүк дарбазасында" 100гө жакын адам чогулуп, 1916-жылды символдоштуруп туура 7ден 16 мүнөт өткөндө кол кармашып 16 мүнөт турушту. Муну менен алар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганын айтышты. 1993-жылы өкмөт "Ашар" кыймылына "Орто-Сай" бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулуп, анын тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.
Чыгарылыштар
-
Апрель 08, 2025
Бакиевдер акча бөлгөн тигүү цехинин курулушу
-
Апрель 07, 2025
Кривой Рог: Орусиянын чабуулу 20 кишинин өмүрүн алды
-
Апрель 03, 2025
Украина: Согуштун токтошуна эмне тоскоол болууда?
-
Апрель 03, 2025
Трамптын тариф саясаты соода согушуна жол ачтыбы?
-
Апрель 02, 2025
Акаевдин доору: Ыңкылапка жеткирген жол