Муфтий: Орозо - кайрымдуулуктун айы
Кыргызстанда ыйык Орозо айы 18-июнда башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтий Максат ажы Токтомушев билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдүн жана мусулман мамлекеттердин дин аалымдары менен айдын чыгышы эсептелип, бейшемби - Рамазан айынын алгачкы күнү деген бүтүмгө келишти. Айт 17-июлга туш келет. Быйылкы орозо битирдин баасы жан башына 40 сомдон деп чечилди.