Бүгүн, 14-июнда вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетин кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маматалиев “Ак-Жол” бекетин ирээтке келтирүүнүн жолдору изделип жатканын айтып, тиешелүү жетекчилердин сунуштарын укту. Вице-премьер менен чогуу жүргөн ички иштер министри Мелис Турганбаев өткөрмө бекеттерге милициянын кошумча штат бирдиктерин ачуу каралып жатканын билдирди.
"Ак-Жолдо” товар ташып өткөн соодагерлер жана жүргүнчүлөр көпчүлүк учурда тыгын пайда болуп калаарын айтып, нааразы болуп келишет. (TSh)