Нарын шаарынын четинде жайгашкан РТС аймагынын жашоочуларынын башкы кирешеси кыш куюп сатуу. Бул жерде 7 үй-бүлө кыш куюп, ар бирин 10 сомдон сатып жан багат. Алардын кыш куюп сатканына 12 жылдан ашты. Башында 34 үй бүлө бар болчу дешет. Андан бери топурактын көлөмү азайып, жети гана үй-бүлө калган.