Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Орусияда жакырчылык өсүүдө


Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда жакыр жашап жаткандардын саны 23 миллионго жакындады. Өткөн жылдын соңунда 19 миллион адам кембагал экени айтылган болчу. Учурда элдин дээрлик 16 пайызын колу жука кишилер түзөт. Алардын айлык кирешеси 9662 рубль. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди.

Былтыр жакыр үй-бүлөлөрдүн катарына бир айлык кирешеси 8 миң рублден ашпагандар кирген болчу. Рублдин курсу 40 пайызга чейин төмөндөгөнүнө байланыштуу жакыр үй-бүлөлөрдү саноодо валюта көрсөткүчү да өзгөрдү. (SE)

XS
SM
MD
LG