Атилла: Кыргызстанда калгым келет
27 жаштагы Атилла Гүвен Түркиянын Ван шаарында төрөлгөн. Азыр Кыргыз-түрк "Манас" университетинде 2-курстун студенти. 1930-жылдары Атилланын чоң аталары Чоң Алайдан Ооганстанга көчүп кетишкен. 1978-жылы орустар Ооганстанга киргенде Түркияга карай жөнөп, 1982-жылдан тарта Ван шаарына жайгашып калышкан. Тарыхый журту жөнүндө чоң энесинен көп уккан Атилла Кыргызстанды көрүүнү максат кылып, 2012-жылы Бишкекке "Манас" университетине окууга келген. Ал өлкөнүн бардык дубандарын кыдырып чыгып, кыргыз балдарга түрк тилин акысыз үйрөтүп жүрөт. Атилла Кыргызстанда калгысы келет.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 16, 2024
"Ал учурду унута албайм". Америкада ийгиликке жеткен кыз-келиндер
-
Сентябрь 22, 2024
Баткен: Миграциядан кайтып ишкерлик кылгандар
-
Сентябрь 14, 2024
Прага форуму: Европа Борбор Азияга эшигин ачабы?
-
Сентябрь 01, 2024
Милан форуму: Европада кыргызстандык аялдар бирикме түзүшөт
-
Август 24, 2024
Этно дизайнды даңазалаган студенттер
-
Август 09, 2024
Париж-2024: Күйөрмандардын кубанычы