Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Сауд Арабияда мечиттеги жардыруудан 21 киши мерт кетти


Сауд Арабиядагы шиит мечитинде болгон жардыруудан кеминде 21 киши каза таап, жүздөн ашыгы жаракат алды. Бул жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери алып, Твиттердеги баракчасына жанкечтинин сүрөтүн жайгаштырды.

Эл жума намазга чогулган маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Аталган мечит өлкөнүн чыгышындагы Кадих аймагында жайгашкан. Бул “Ислам мамлекети” согушкерлеринин Cаудия канатынын алгачкы чабуулу.

Эксперттердин баамында “Ислам мамлекети” уюмунун сунни экстремисттери шиитерге каршы каны кайнап турат. Алар Cаудия шииттери менен диний азчылык ортосунда от коюуга кызыкдар.

XS
SM
MD
LG