Согуш элеси сахнада
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар теарында Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Элес” спектаклинин бет ачары өттү. Режиссеру Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова. Чыгарманын автору 1940-1945-жылдагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун азабын балалык сезими менен туйган, учурда сексен жашка чукулдап калган драматург Асанбүбү Абдыгулова. Буга чейин автордун бир нече драмасы сахналашкан.