Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

“Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасындагы чатак боюнча коомдук угуу болот


Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар, медиа-эксперттер катышат. Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин кызматкерлери да чакырылган.

“Вечерний Бишкек” басма үйүн анын мурдагы ээси Александр Рябушкин сотко берип, 15 млн. долларга жакын компенсация талап кылууда. Учурда басма үйүнө таандык 100 пайыз жана ага караштуу «Рубикон» рекламалык фирмасынын 50 пайыз акциясы камакта. “Вечерний Бишкек” муну рейдерлик жол менен басма үйүн тартып алып, ээлик кылууга мамлекет башчынын айланасындагы бир нече киши кызыкдар деп билдирип, алардын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппараттын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.

Бирок Фарид Ниязов бул ишке эч тиешеси жок экенин айтса, Илмиянов курулай каралоо жүрүп жатканын билдирип, бул кайрылуудан соң өз арызы менен кызматынан кеткен.

Эркин Мамбеталиев кадыр-баркыма шек келтирди деп, “Вечерний Бишкекти” сотко бергени айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG