Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Ош: "Бир дүйнө-Кыргызстандын" иш кагаздары кайтарылат


Айрым жаштар "Бир дүйнө-Кыргызстан" уюмуна каршы пикетте. Ош шаары, 30-апрель, 2015-жыл
Айрым жаштар "Бир дүйнө-Кыргызстан" уюмуна каршы пикетте. Ош шаары, 30-апрель, 2015-жыл

Ош шаардык соту 18-майда “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюмунун адвокаттарынын арызын карап, УКМК тергөөчүсү Таалай Абдыбаитовдун алардын материалдарын кайтаруудан баш тартуусун мыйзамсыз деп тапты.

27-мартта УКМК "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган болчу. 28-мартта Умар Фаруктун кылмышка тиешеси жок экенин сот аныктаган.

Ош облустук соту 30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин укук коргоо уюмуна карата аракеттерин мыйзамсыз деп тапкан. Ошентсе да тергөөчү адвокаттардын айрым материалдарын “Бишкекте экспертизада” деген жүйөө менен кайтарып берген эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG