Евдокия Пасько 1919-жылы 30-декабрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Липенка айылында туулган.
1938-жылы Барнаулда орто мектепти аяктап, Москвадагы мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетине тапшырган. 1941-жылы төртүнчү курстун студенти Дуся өз ыктыяры менен Кызыл Армияга жазылган. Энгельс шаарындагы авиациялык мектепте штурмандын окуусун окуп, душмандар “Түнкү жезкемпирлер” (“Ночные ведьмы”) деп атаган атактуу түнкү бомбалоочулардын 46-гвардиялык эскадрильясына кошулган. Евдокия Пасько 790 аскердик жана 10 атайын тапшырма менен аскердик учууларды аткарган. Душмандардын позицияларына 100 тонна бомба таштаган, алар күйүүчү май, аскердик курал-жарактарды сактаган кампаларды өрттөп, жардырган. Евдокиянын атына жалпысынан 157 жардыруу жана 109 өрт жазылган.
Кавказда жана Таман жарым аралындагы “Көгүш сызык” (“Голубая линия”) деп аталган оор салгылашууларга, Севастополду бошотууда, Беларус, Польша жана Берлин операциясына катышкан.
Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Андан тышкары Ленин, Кызыл Туу, эки жолу Кызыл Жылдыз жана эки жолу Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы орденине татыктуу болгон.
Согуштан кийин Москва мамлекеттик университетин аяктап, кандидаттык диссертациясын жактаган. 30 жылдан ашык Москвадагы Н.Э.Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайда сабак берген.
Азыр 96 жашта, Москвада жашайт.