Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

АКШ Орусиянын Чыгыш Украинадагы жаңжалга аралашуусу тереңдегенин байкоодо


“Ассошейтед Пресс” агенттиги билдиргендей, Орусиянын Чыгыш Украинадагы жаңжалга катышуусу мурдагыдан тереңдегенин чалгын маалыматтарынан кабары бар америкалык расмий өкүлдөр айтууда. Мындан улам Кошмо Штаттар “Орусия менен жикчилердин биргелешкен күчтөрү” деген жаңы терминди киргизип жатат.

Мамлекеттик департамент өткөн аптадагы бир билдирүүсүндө эле бул терминди үч ирет колдонду.

"Ассошейтед Пресстин” маалыматына караганда, АКШнын чалгын агенттиктери Москванын Чыгыш Украинадагы аскерий ролун жаңыча мүнөздөөгө болот деген тыянакка Орусия менен жикчилердин күчтөрү чогуу аракеттенип, чогуу машыгып жана бир командачылык алдында иштегенинин далили көбөйгөнүнөн улам келди. (UE)

XS
SM
MD
LG