Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Достукка данакер болгон мугалимдер


Достукка данакер болгон мугалимдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Ош шаарына жакалаш жайгашкан Жийделик айылынын калкынын 100 пайызы өзбек улутундагылар. Азыр ата энелердин талабы, окуучулардын демилгеси менен аталган айылдагы №.80 Х.Тажиматов орто мектебинде кыргыз тилин өнүктүрүү максатында кыргыз класстары ачылды. Мурда мектептин мугалимдер жамааты жалаң бир этностун өкүлдөрүнөн болсо, эми кыргыз, орус улутундагылар менен толукталып, окутуу үч тилде жүргүзүлүүдө. Көп улуттан куралган ынтымактуу кесиптештер аз айлыкка кайыл болуп, келечек муунга татыктуу тарбия берүүдө. “Курама темир курч болот” дегендей мектеп жамааты райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн кароо-сынактарда алдыңкы орундарды багындырууда. Бала сезимине кастыктын эмес, достуктун үрөөнүн сепкен мугалимдер улут аралык мамилеге да данакер болушууда. (Гүлвира Сманова)

XS
SM
MD
LG