Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Ирак: Рамади шаарын коргоо үчүн шиит кошуундары жардамга келди


Соңку маалыматтарга караганда, көбүнесе сунниттер жашаган бул шаарды “Ислам мамлекети” тобунун чабуулунан коргоого жардамдашуу үчүн 3000дей шиит согушкери келди.

Алар өлкөнүн Ички иштер министрлиги алдында түзүлгөн жана өкмөт колдогон “Хашд ал-Шааби” уюмунун кошуундарына караган согушкерлер.

Мунун алдында Анбар провинциясындагы айрым расмий өкүлдөр Рамади “Ислам мамлекети” тобунун колуна саналуу саат ичинде өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскерткен эле.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Анбар провинциясынын борбору болгон бул шаарды көздөй кечээтен тарта контр-чабуулга өтүп, анын четиндеги үч кыштакты ээлеп алган.

Согушкерлер менен өкмөтчүл күчтөр ортосунда айгышкан уруштар шаардын чыгыш тарабында жүрүп жатат.

Уруштардан улам Рамадиден бүгүн 2000дей үй-бүлө чыгып кеткенин Багдаддагы расмий өкүлдөр кабарлашты. (UE)

XS
SM
MD
LG