Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Ректорлорду шайлоо аркылуу тандоодон баш тартуу сунушталууда


Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нуркамил Мадалиев “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Анда депутат жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоо аркылуу дайындоодон убактылуу баш тартуу демилгесин көтөргөн.

- Азыркы мыйзам боюнча шайлоодон жеңген үч талапкердин бирөөсүн алган добушуна карабай өкмөт башчы өзү дайындайт. Андай шартта шайлоонун маңызы жоголуп жатат. Дайындоонун критерийлери да жок. Шайлоо окуу жайдын ичинде бөлүүгө жол ачып, кризистик абал жаралууда. Ошондуктан стабилдүүлүккө жеткенге чейин дайындоо вариантын сунуштап жатабыз, - деди Мадалиев.

Азырынча бул сунуш Жогорку Кеңештин сайтына илинген. Бирок комитеттерде талкуулана элек. Мурда буга чейин бир ирет жоюлган ректорлорду шайлоо тартиби 2011-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Мыйзамга ылайык, эмгек жамааты талапкерлерди шайлоо аркылуу тандап, анын арасынан алдыңкы добуш алган үчөөнү ректорлукка сунуштайт.

Билим берүү министрлиги бул маселе азыр талкууда экенин, бирок ректорлорду шайлоо эрежесине өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айткан. Билим берүү тармагында адистер мындай өзгөрүүлөрдү демократиялык жолдон чегинүү катары мүнөздөп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG