Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Ноокенде капуста талаалары кар алдында калды


Район аймагында жаз алдында 60 гектардан ашык аянтка эгилген капуста көчөттөрү кар алдында калды. Мындан сырткары, 165 гектарга жакын аянтка картошка эгилген.

Район акиминин биринчи орун басары Канатбек Камбаралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындан сырткары 150 гектарга күн карама себилди. "Кар жер алдындагы эгиндерге зыянын тийгизбесе керек, бирок капуста жана өрүк менен шабдалы быйыл түшүм бербей калат окшойт, – дейт Камбаралиев.

Быйыл район аймагында 2300 гектар жерге жашылча эгилет. Эртең облустук деңгээлде бул багытта атайын штабдык жыйын өтөөрү күтүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG