Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Франциядагы авиакырсыктан каза тапкандар арасында үч казак жараны бар


Кыйраган учактын Альпы тоолорундагы калдыктары
Кыйраган учактын Альпы тоолорундагы калдыктары

Франциянын түштүгүндө кырсыкка учураган учактын ичинде Казакстандын бери дегенде үч жараны болгон. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Алар 50 жаштагы Ербол Иманкулов, 49 жаштагы Айжан Исенгалиева жана 25 жаштагы Адил Иманкулов.

Учактагы Елена Блес аттуу жарандын да казакстандык болушу ыктымал экени айтылууда. Азырынча бул маалымат такталып жатат.

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу учактын ичинде Казакстанда туулган европалык опера ырчысы Олег Брыжак дагы болгонун немистердин “Билд” гезити жазды. 1980-жылдары СССРде карьерасын баштаган ырчы 1996-жылдан баштап “Рейндеги немис операсынын” солисти болуп иштеп келген. Ал Барселонадан кезектеги гастролдон кайтып келаткан.

Франциянын Альпы тоолорунда кырсыкка учураган А320 үлгүсүндөгү аэробус Барселонадан Дюссельдофко бараткан. Ичиндеги 144 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсүнүн бири да тирүү калбаганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG