Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

Согуштагы агасын 67 жыл күткөн кыздын кошогу


Согуштагы агасын 67 жыл күткөн кыздын кошогу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну Салима Жадилова 2006-жылы 85 жашында дүйнө салган. Ал 1939-жылы аскерге чакырылып, кийин согуш башталып, ошол бойдон дарексиз жоголгон Назир деген агасын өмүр бою күтүп жүрүп, көзү өттү. Дарексиз кеткен агасына арнап чыгарган армандуу кошогун да өмүрү өткөнчө айтып жүрдү. Салима апа 18 жашка чыкпай жатып агасынан айрылса, андан көп өтпөй ата-энесинен ажырап, согуш жылдарында тоголок жетим калган экен. Ушундай кайгылуу тагдырдан кийин ал кошокту өзүнүн эң жакын шериги, эрмеги кылып алат. Салима апанын 80 жаштан ашканда да айтып жүргөн ал кошокторун мындан 15 жыл мурун жаздырып алган элем. Бул кошокто бир үй-бүлөнүн эмес, бүт эле ошол алаамат согушка жакыны кеткен ар бир адамдын арманы, дегеле бүт өлкөнүн муң-зары катылгандай. Салима апанын кошокту айтуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG