Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Москва Түштүк Осетия менен ымаланы бекемдөө келишимине кол коёт


Орусия президенти Владимир Путин 18-март күнү Грузиянын жикчил аймагы саналган Түштүк Осетия менен ымаланы бекемдөө келишимине кол коёт.

Бул тууралуу жума күнү Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Путин Түштүк Осетиянын өкмөт жетекчиси Леонид Тибилов менен Кремлде жолугат. Ал эми Грузия бул келишимди кескин сындап жатат. Москва ушул сыяктуу келишимди өткөн жылы Грузиянын дагы бир жикчил аймагы саналган Абхазия менен түзгөн болчу.

2008-жылы Москва Грузия менен болгон беш күндүк согуштан соң Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. (SE)

XS
SM
MD
LG