Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында 35 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа кырсыкка учурады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында болгон кырсыктын натыйжасында 20 тонна бензин 500 метр жерге чейин жайыла төгүлдү. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. (ZMa)