Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лушакенко союздук мамлекеттин келечегин талкуулашты. 1996-жылы түзүлгөн союздук мамлекеттин аркасы менен социалдык, саясий, экономикалык интеграцияны күч алдыруучу бир катар келишимдер жетишилген. Ошол эле мезгилде Лукашенко Путинге ашыкча бийлик ыйгарымдары берилип кетпесин деп саксынгандыгынан улам, бирдиктүү акча киргизүү планы ишке ашпай келет.
Кечээки жыйындан кийин Путин "орус-беларус союздук мамлекети бул эки өлкө жана Казакстандын ортосунда жетишилген бирдиктүү базарды же бирдиктүү экономикалык мейкиндикти алмаштыра албайт", - деди. Бирок ал Беларус менен союздук мамлекет боюнча талкуулай турган өзүнчө маселелер бар экендигин кошумчалады. Лукашенко эки өлкөнүн кызматташттыгына жана Украинагы согуш боюнча Минскиде 12-февралда жетишилген тынчтык келишимине жогору баа берди.