23-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9...14,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо -10...-15, күндүз -5...-10 градус болот.
23-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…+3, күндүз 11…13 градус болот. (ZMa)