Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Милиция кызматкерлери кыйноого шектелүүдө


Ленин райондук ички иштер бөлүмү, Бишкек.
Ленин райондук ички иштер бөлүмү, Бишкек.

Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы бир жарандын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүп, Кылмыш кодексинин кыйноо (305-1) жана пара алуу (313) беренелери боюнча иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда Бишкектин Ленин раймилициясынын кызматкерлери быйыл 8-январда Д. К. аттуу жаранды үйүнөн күч менен аталган райондогу 3-милиция бөлүмүнө алып келишкени жана ага кол көтөрүү менен кылмыш жасаганын мойнуна алууну талап кылышканы белгилүү болду. Мындан сырткары аны тиешелүү арызсыз жана каттоого албастан милиция бөлүмүндө мыйзамсыз кармап турган. Учурда тергөө жүрүүдө.

Бул окуя боюнча ИИМ же райондук милиция азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG