Ош: тарых мугалими музей ачты
Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл орто мектебинин тарых мугалими Советбек Бөтөнөев айылга музей ачты. Музейге ушул райондун Алай-Куу аймагынын тарыхын чагылдырган, ал жерге элдин туруктуу отурукташа баштаганынан тартып, СССР мезгилиндеги турмушу, аймактан табылган карапа идиштер, күнүмдүк тириликте колдонгон буюмдары коюлган. Жүктөгөн кардардын аты: Советбек Бөтөнөев.