Москвада чет элдик мигранттарга кызмат көрсөтүүчү миграциялык борбор ишке кирди. Троицк округундагы Сахарова айылында жайгашкан бул борбор Москвадан 60 чакырым алыс жайгашкан. Жалпы аянты - 17 миң чарчы метрден ашуун. Бул көп функционалдуу борбордо мигранттар патент алуу үчүн талап кылынган бардык текшерүүлөрдөн өтүшөт. Учурда анын жанына өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо жайынын курулушу пландалууда.