Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Улутташтырылган объектер боюнча 83 соттук териштирүү жүрүүдө


Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 47 объект улутташтырылган. Бүгүн парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети улутташтырылган объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча токтомдун аткарылышын талкуулады. Көпчүлүк суроолорго жооп бере албай калганы үчүн комитет мүчөлөрү Ирсалиевди сынга алып, маселени талкуулоону кийинкиге жылдырышты. Улутташтырылган объектердин ар бири боюнча маалымат алып, даярданып келүүгө убакыт берилди.

2010-жылдагы апрел окуяларынан соң Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде 47 объект улутташтырылган. Алардын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген бир нече пансионат, өлкөдөгү ири “Альфа телеком” уюлдук компаниясы жана башка ишканалар бар. Буга чейин Жогорку Кеңеш улутташтырылган объекттердин бир нечесин тендер аркылуу сатууга уруксат берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG