Шаар мэринин буйругуна ылайык, калаанын аймагындагы жерлерди сатууга 6 айга чейин мораторий жаряланды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбеков билдирди.
- Соңку учурда шаардан жер сатып алып, каалагандай курулуш иштерин жүргүзгөндөр көбөйдү. Бул шаардын архитектуралык абалын начарлатып жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынды, - деди Жусупбеков.
Жалал-Абадда эки жылдан бери муниципалдык жерлерге мамлекеттик акты даярдоо башталып, былтыркы жылы 63 документ түзүлгөн. (RsK)