Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

158 тажикстандык мыйзамсыз медреселерде билим алат


Бул туралуу Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин башчысы Абдурахим Холикзода билдирди. Алардын көбү Пакистан жана Иранда окушат.

Бул боюнча тажик бийлигинин тынчсыздануусун айткан Холикзода жаш балдар оңой эле экстремисттик жана террористтик топторго кошулуп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

2010-жылы тажик бийликтери чет жактарда мыйзамсыз окуу жайларда диний билим алып жүргөн жарандарын артка кайтаруу процессин баштаган. Ошол эле жылдын август айында президент Эмомали Рахмон ата-энелерге кайрылуу жасап, балдарын үйлөрүнө чакырууну суранган.

Бул процесстин жыйынтыгында Пакистан жана Ирандын мыйзамсыз медреселеринде окуган 3054 баланын 2896сы мекенине кайтып келген.

XS
SM
MD
LG