Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Ооганстандагы орус элчиси исламчылардын коркунучу тууралуу эскертти


Орусиянын Ооганстандагы элчиси Замир Кабулов Интерфакс агенттигине курган маегинде Ооганстандагы радикал исламчылар Тажикстан жана Түркмөнстандын чек арасына жакын жерде экенин айтты. Ал өз сөзүн ушул тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен түндүк аймагында 4-5 миң согушкер, ал эми Түркмөнстан менен чектешкен аймагында 2.5 миңдей согушкер даярданып жатат деп бекемдеди. Анын билдиришинче, аталган аймактарда кеминде согушкерлерди даярдоочу үч лагер бар. Ал лагерлерде жаңы адамдар эки айдын ичинде согушкерликке даярдалышат. Кабулов ар бир лагерде 50дөн киши даярдаларын, алар негизинен Борбор Азиядан келгендер экенин кошумчалады. Элчи ошондой эле бул кырдаал тууралуу Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттөрү билерин да айткан.

Ооганстандагы ММКлар акыркы убактарда Түндүк Ооганстанда согушкерлердин толкундоолору көп болуп жатканын, алардын ичинде Борбор Азиядан келгендер да бар экенин жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG