Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Иордания Сирияда бир учагы кыйраганын ырастады


Иордан армиясы бүгүнкү билдирүүсүндө кыйраган учактын учкучу “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери тарабынан туткундалганын ырастады.

Учкучтун өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобуна жана анын жактоочуларына жүктөдү. “Ислам мамлекети” тобу иордан учагын атып түшүрдүк деп ырастоодо. Окуя бүгүн Сириянын Ракка шаарына жакын жерде болгон.

Ракка Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” тобу өзүнүн борбору катары жарыялап алган шаар. АКШ жана анын араб өнөктөштөрү Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын сентябрда баштаган.

Абадан сокку урууга Сауд Аравия, Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары катышса, Катар өлкөсү логистикалык колдоо көргөзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG