Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Езид азчылыгынын өкүлү АКШга жардам сурап кайрылды


Ирак парламентиндеги езид диний азчылыгынын жалгыз өкүлү Вина Дахил Кошмо Штаттардан Иракка “Ислам мамлекети” радикалдык тобуна каршы күрөштө жардамды күчөтүүнү суранды.

“Азаттыкка” берген маегинде Виан Дахил Вашингтон согушкерлер барымтага алган беш миңдей езид кыз-келиндеринин куткарылышына көмөк көрсөтүшү керек экенин белгиледи.

Анын айтымында, АКШ бул адамдарды өз үй-бүлөлөрүнө аскердик же башка жолдор менен кайтарышы керек. Виан Дахил АКШ бийлигин езиддерди өзүлөрүн коргоо үчүн курал менен жабдууга чакырды.

“Ислам мамлекетинин” чабуулдарынан 500дөн ашык езид өлгөн. Согушкерлер алардын айрымдарын, анын ичинде аялдар менен балдарды тирүүлөй өрттөп, 300гө жакын аялды кулдукка уурдап кетишкен.

Жихадчылар шиилерди, күрттөрдү, езиддерди, христиандарды каапыр деп эсептейт жана исламды кабыл албаса, өлүмгө айдаары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG